Алматыда карантин талаптары күчөтүлөт

Алматыда карантин талаптары күчөтүлөт

Алматыда жалган куран айынын 20 баштап жаңы карантиндик чектөөлөр киргизилет. Ага ылайык, ишемби жана жекшемби күндөрү көңүл ачуу борборлору жана соода борборлору жабык болот. Майрам күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин, ал эми иш күндөрү кечки саат 21:00гө чейин иштейт. Мындан тышкары, дем алыш күндөрү азык-түлүк базарлары жабык болот. Жалган куран айынын 20 баштап майрам күндөрү аяктаганга чейин мегаполисте коомдук транспорттордун жүрүү убактысы кыскарат, башкача айтканда, саат 22:00гө чейин  каттайт. Ал тургай «Медеу» муз аянтчасы дагы кардарларды кабыл албайт. Балдарды түзөтүү мекемелеринин жана билим берүү борборлорунун, кинотеатрлар менен концерттик залдардын иштешине тыюу салынат. Ошондой эле, спорттук иш-чаралар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт. Белгилей кетсек, Алматы облусунда коронавирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу карантиндик чаралар күчөтүлөт. Аймакта дем алыш күндөрү локдаун киргизилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков