Нур-Султанда жалган куран айынын 21-күнү локдаун киргизилет

Нур-Султанда жалган куран айынын 21-күнү локдаун киргизилет

Борбор калаа кызыл зонада болгондуктан, жалган куран айынын 21де бир күндүк локдаун киргизилет. Бул тууралуу Нур-Султан шаардык акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Башкача айтканда, жекшемби күнү соода жана көңүл ачуу борборлору, жабык азык-түлүк эмес базарлар менен спорттук комплекстери, Казпочта жана кардарларды тейлөө борборлору иштебейт. Бул имараттарда жайгашкан дарыканалар жана азык-түлүк дүкөндөрү гана ачык болот. Коомдук транспорттун кыймылы  дагы токтотулат. Ошондой эле, ишемби жана жекшемби күндөрү фитнес борборлорунун, курорттук жайлардын иштөөсүнө тыюу салынат. Нур-Султан шаарынын башкы санитардык дарыгери Сархат Бейсенованын айтымында, калаадагы эпидемиологиялык абал туруктуу эмес. Белгилей кетсек, борбор калаада илдетти жуктуруп алгандардын саны күн сайын өсүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков