Көз карандысыздыктын жемиши, спортчулардын жеңиши

Көз карандысыздыктын жемиши, спортчулардын жеңиши

Өлкөнүн спортчулары быйылкы жеңиштерин Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесине арнашат. Казак желегин желбиретип жүргөн Данияр Елеусинов учурда профессионалдык бокста жылдызы жанып, элдин рухун даңазалоодо. Өткөн жылы ал орто салмакта IBF континенталдык курун жеңип алган. Булгаары мээлей чебери рингге өлкөнүн намысы үчүн чыга турганын айтат. Быйыл дүйнө чемпиону болсом деген максаты бар.

Данияр Елеусинов, кесипкөй мушкер:

- Мен ушул өлкөдө чоңойдум, өсүп-өндүм десем болот. Себеби, мен бул көзкарандысыз өлкөнүн курдашымын. Кечээ мен 30 жашка чыктым. Быйыл өлкөбүздүн дагы 30 жылдык мааракеси болот. Өлкөнүн курдашы катарымамлекеттин жетишкендиктери жана менин ийгиликтерим ар дайым бирге жүрөт. Ошондуктан, мен алдыдагы убакытта жетишкендиктеримди, быйылкы жеңиштеримди Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арнагым келет.

Казакстан эгемендүү мамлекет болгондон бери 25тен ашуун байыркы улуттук оюндар жанданды. «Казак күрөшү», «Саятчылык», «Асык ату» жана «Тогызкумалак» сыяктуу улуттук спорт түрлөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Балуан Шолак, Кажымукан сындуу залкарлардын жетишкендиктери татыктуу түрдө уланып келет. Бул багытта билек күчү менен темирди жиптей ийрип, колдору менен мык кагып, бир нече жолку дүйнөлүк жана Гиннесс рекордун орнотуп жүргөн казакстандыктардын бириСергей Цырульников. Алп күч ээси бүгүнкү күнгө чейин эл аралык кармашта бир дагы атаандашынан жеңилбегенин айтат.

Сергей Цырульников, Күч сынашуу спорту боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону:

- Менин башкы максатым – Кажымукан Мунайтпасов менен Балуан Шолактын жолун жолдоп, Казакстанда күч сынашуу өнөрү маданиятын өнүктүрүү. Бул менин көп жылдан берки алектенип келе жаткан эмгегим, сүйүктүү хоббим. Эл аралык ареналарда мен биздин балбандарыбыздын, күч ээлеринин жетишкендиктерин кайталап, өлкөбүздүн намысын коргойм.

Эгемендүү өлкөнүн башкы баалуулугу – эл, максаты – улуттун саламаттыгы. Буга байланыштуу сергек жашоо образын калыптандырып, массалык спорт түрлөрүн өнүктүрүү боюнча комплекстүү чаралар колго алынган. Бүгүнкү күндө калктын дене тарбия жана спорт менен машыгуу көрсөткүчү 31 пайыздан ашат. Эгемендүүлүк жылдарында өлкөдө 77 стадион, 38 спорт сарайы, 8 миңге жакын спорт аянтчасы жана 2 миңден ашык спорт зал курулган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков