Казактын кийизи дүйнө подиумдарынан өзүнүн ордун тапты

Казактын кийизи дүйнө подиумдарынан өзүнүн ордун тапты

Модага айланган кийиз. Бүгүнкү күндө бул экологиялык таза материалга делген кызыгуучулук бүткүл дүйнө жүзү боюнча өсүүдө. Подиумдардын кийизден жасалган кийим үлгүлөрүнө толгону – бул анын ачык далили. Мария Маркова мындай табигый материал менен бир нече жыл мурун иштеп баштаган. Казактын нукура өнөрүн өздөштүрүү үчүн атайын курстарга катышкан. Алгач хобби катары башталган иши кийинчерээк киреше булагына айланды. Дизайнердин коллекциясында кийизден жасалган зер буюмдар, чапандар, ал тургай килемдер бар. Анткени кийиз тажрыйба жүргүзүү үчүн абдан ыңгайлуу жана өзгөчө материал, дейт ал.

Мария Маркова, кийизден жасалган буюмдардын дизайнери:

- Мен ар дайым кездеменин өзүн кантип жасоого боло турганын ойлонуп жүрдүм. Андан кийин даяр кездемеден керектүү дизайндагы нерсени жасоо ыкмасы да кызыктырчу. Мен бул бизнеске ушунчалык кызыгып, кичинекей балдардын бут кийимдеринен жана жөнөкөй нерселерден баштадым. Себеби, мен биринчи материалдын өзүн кармап, сезип, анын канчалык ийкемдүү экендигин билгим келди. Бир сөз менен айтканда, материал менен жакындан таанышкым келди. Алгач кубанып да таң калып да жаттым. Анткени кийиз канчалык калың болгонуна карабастан, аны ар кандай формага келтирүү оңой. Мисалы, аны таңгактап, чогултсанкатып калат. Башкача айтканда, ал толук кандуу чыгармачылык менен алектенүүгө мүмкүн болгон материал. Албетте, идеялар көп болду. Ошентип мен кийим тигүүгө өттүм.

Дизайнердин айтымында, кийизден жасалган буюмдар Казакстандын имиджине, өздүк брендине айланды. Анткени сапаттуу өнүмдөр өлкөдө гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө чоң суроо-талапка ээ. Ошондой эле, атаандаштыкка жөндөмдүү, атүгүл дүйнөгө белгилүү бренддерди басып өтүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Мария Маркова, кийизден жасалган буюмдардын дизайнери:

- Кийизден жасалган буюмдар бренд болуп саналат. Себеби, бул илгертен келе жаткан өнөр. Анын кайрадан жанданып келе жатканы абдан жакшы. Менин оюмча баштапкы өнөргө кайтуу, аны өз колуң менен жасоо керемет. Бул чындыгында баалуу.

Дизайнер учурда казактын улуттук каада-салтын жандандырып гана тим болбостон, технологияны өркүндөтүп, кийиз басуу өнөрүн дүйнөлүк деңгээлде жайылтууга мүмкүнчүлүк бар экендигине ишенет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков