Улуттук стилдеги кийимдерди жайылтып жүргөн чебер

Улуттук стилдеги кийимдерди жайылтып жүргөн чебер

Гүлнар Касымдын ысымы ата мекендик мода дүйнөсүндө белгилүү. Эми модельер улуттук баалуулуктардын уникалдуулугун дүйнө жүзүнө жайылтууга бел байлады. Бүгүнкү күндө казак стилинде жасалган кийим үлгүлөрүнүн коллекциялары эл аралык беделдүү мода көргөзмөлөрүндө сунушталууда. Азырынча пандемия тоскоолдук жаратып жатат, дейт чебер.

Гүлнар Касым, дизайнер:

- Дүйнөлүк көргөзмө болду. Мен ал кезде Миланга жаш ишкер катары барган элем. Ошол учурда Мадриддин адамдары келип, сиздин көйнөгүңүздөрдү алууга болобу деген сунуштар болду. Суроо-талап бар. Ар бир Шанель болсун, Диор, Пьер Карден болсун бардыгы биздикин алышкан. Байкасаңыз ар бир көргөзмөлөрдө биздин оймо-чиймелерибиз менен кийимдерибиз бар. Андыктан алардын бизге болгон көз караштары жакшы.

Гүлнар Касымдын заманбап стилге ылайыкталган улуттук кийим үлгүлөрүн саркеч кыздардан баштап, ак жоолукчан чоң апаларга чейин кийишет. Эң башкысы, ар бир эмгекте оймо-чиймелердин маани-маңызы түп нускасында сакталып калган. Дизайнер чыгармачылык эргүүнүн булагы улуттук өзгөчөлүктө жана салт-санаада экендигин айтат.

Гүлнар Касым, дизайнер:

- Менин чоң энем, жеңелерим жана эжелеримдин баары кийиз жасаганды үйрөтүштү. Мен азыркы учурда өзүмдүн чапандарымды көптөн бери сакталып келе жаткан жүндөн, чоң энелерибиз сандыкка салып койгон жүндөн жасадым. Көрүнүп тургандай, азыркы заманбап стилде жасалган чапан. Бул чапандарга оймо-чиймени кандай сайса болот? Ар бир орнаменттин мааниси бар. Кочкордун мүйүзү тең салмактуулукту жана күн шооласын билдирет. Ушундай маанилери менен коюлат.

Азыркы учурда Гүлнар Касым чын куран айында Тараз шаарында өтө турган мода жумалыгына жаңы коллекциясын сунуштоого даярданып жатат. «Тумар» аттуу коллекциясынын максаты – казактын улуттук кийимдерин кеңири жайылтуу.

Которгон: Илгиз Жаалбеков