«100 жаңы ысым» долбооруна тандоо башталды

«100 жаңы ысым» долбооруна тандоо башталды

Казакстанда «100 жаңы ысым» долбоору кайрадан жанданды. Быйылкы иш-чара өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулууда. Жооптуу мекеменин вице-министринин айтуусунда, 30 жыл ичинде өлкөнүн эмгек сиңирген жарандары талапкерлердин катарына кошулат.

Кемелбек Ойшыбаев, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү вице-министри:

- Тандоо кезинде биринчи кезекте ушул эгемендүүлүк мезгилинде ийгиликке жетишкен, көз карандысыздык мезгилинде натыйжа көрсөткөн жарандарга көңүл бурабыз. Албетте, буга байланыштуу бардык региондор сыяктуу эле бардык айыл аймактардан сунуштар келип түшүүдө. Калыстар тобу 30 жылдык мезгилде ийгиликке жетишкен жарандарга туура тандоо жүргүзүп, мыктыларын тандап алат деген ишеничтебиз.

Бауыржан Ракишев 2019-жылдын «100 жаңы ысымы» долбоорунун жеңүүчүсү. Жеңишке жетүү башка, ал эми жеңиштин желегин көтөрүп жүрүү чоң жоопкерчилик деген пикирде.

Бауыржан Ракишев, А. Сызганов атындагы Улуттук илимий хирургия жана кардиохирургия борборунун жетекчиси:

- Долбоордун жеңүүчүсү аталуу деген бул аванс сыяктуу деп айта алам. Себеби, бул долбоорго атыбыздын киргени башка, бирок ошол ысымга татыктуу болуу башка. Тагыраак айтканда, муну менен токтоп калбоо керек, келечекте өз тармагыңызда жасаган ишиңиз, бизнесиңиздин өнүгүү жолуна түшүп, өлкөгө көрсөткөн пайдаңыз, эмгегиңиз эселенип көбөйүшү керек. Албетте, бул чоң жоопкерчилик, ошондуктан ошол жоопкерчиликке татыктуу болууга аракет кылабыз.

Быйылкы долбоордон былтыркыдан өзгөчөлүгү – алдыдагы жеңүүчүлөр катышуучулардын тагдырын чечет. Башкача айтканда, алар калыстар тобунун курамына кирет. Ошондой эле, калыстар тобунун курамына Президенттин кадрлар резервинин мүчөлөрү жана өлкөгө белгилүү жарандар да кирген. 100 жаңы ысымга арыздарды кабыл алуу жалган куран айынын  15не чейин уланат. Ал эми финалы борбор калаада Мамлекет башчысынын катышуусу менен чын куран айында өтөт  деп мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков