Алихан Бөкейхандын туулганына – 155 жыл

Алихан Бөкейхандын туулганына – 155 жыл

Казак интеллектуалдарынын бүтүндөй муунун тарбиялаган устат, бүтүндөй өмүрүн өлкөнүн жыргалчылыгына арнап, улуттун жыргалчылыгы үчүн жан үрөп эмгектенген ишмер. Бүгүн Алаш кыймылынын лидери - Алихан Бөкейхандын туулганына 155 жыл толду. Сегиз кырдуу, бир сырдуу талантуу инсан​экономика, саясат, укук, тарых, адабият сыяктуу тармактарда илимий эмгектерди жазган фундаменталдуу илимпоз, публицист. Түрдүү илимди  казак тилине которгон котормочу, энциклопедист, этнограф. Азаттыктын башында турган «Алаш» кыймылынын лидери, казактын туңгуч саясий партиясынын негиздөөчүсү. Алихан Бөкейхан менен Алаш курган даңгыр жол бүгүнкү коомго, улутка кызмат кылуунун мыкты үлгүсү болуп саналат. Ошондуктан, улуттун асыл мурасын жандандырып, билимдүү жашоо образын жайылтуудан танбашыбыз керек, дешет учурдун интеллектуал коомчулугун өкүлдөрү.

Султан Хан Жүсип, Л.Н. Гумилёв атындагы ЕУУ «Алаш» илимий-изилдөө институтунун мүдүрү:

- Эң биринчи кезекте Алихан Бөкейхандын жашоосу менен көп кырдуу ишмердүүлүгү, телегейи тегиз мурасы тууралуу көркөм тасма тартууну сунуштап жатабыз. Экинчиден, келгиле Алихан Бөкейхандын жеке жашоосу жөнүндө документалдуу тасмалар сериясын тартып, аны менен катар, казак, англис, украин, француз жана башка тилдерде Алихан Бөкейхан, Алаш идеялары жөнүндө китептерди жазалы. Тарыхый сабактары көп, өтө сабаттуу китептерди жазышыбыз керек. Алихан гана эмес, бардык Алаш ишмерлеринин эстелик такталарын орнотуп, эстеликтерин тургузуп, аллеяларды ачып, чоң жолдорго алардын ысымдарын берсек, биздин руханий кайра жаралуубуз мына ушул болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков