«Болашак» Президенттик стипендиясы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу

«Болашак» Президенттик стипендиясы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу

Борбор калаада «Болашак» Президенттик стипендиясынын 30 мыкты бүтүрүүчүсү чогулду. Жолугушуунун жүрүшүндө алар тажрыйбалары жана жетишкендиктери менен бөлүштү. Иш-чара өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына жана Эл аралык аялдар күнүнө карата уюштурулду. Катышуучулар чет өлкөлөрдө окуп, экономиканын, билим берүүнүн, саламаттык сактоонун, маданияттын жана илимдин артыкчылыктуу тармактарында алдыңкы тажрыйбаны киргизүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Эл аралык «Болашак» стипендиясы Туңгуч Президенттин Жарлыгы менен 1993-жылы негизделген. Белгилей кетсек, 27 жылдын ичинде программа аркылуу 11 миңден ашуун адис даярдалган. Алардын жарымынан көбүн аялдар түзөт.

Айнур Карбозова, «Эл аралык программалар борбору» АК президенти:

- Программа эффективдүү экендигин, алдыңкы катмарда билим алуу жана технологияны өздөштүрүп, аны өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн колдонууда чыныгы социалдык тепкич экендигин убакыт көрсөттү. Ошондуктан иш-чарабыздын максаты ишке ашып, көптөгөн жаштар ийгиликтүү адамдардан үлгү алып, шыктанат деп ишенебиз. Баарыңыздарды 2021-жылы жаңы кабыл алуу жана тандоо боюнча Эл аралык программалар борборунда күтөбүз.

Гүлзада Шакуликова «Болашак» программасы аркылуу 10 жыл мурун билим алган. Анын илимий стажировкасы Улуу Британияда өткөн. Бүгүнкү күндө ал Атыраудагы Мунай жана газ университетин ийгиликтүү башкарып келет.

Гүлзада Шакуликова, «Болашак» программасынын бүтүрүүчүсү, С.Өтебаев атындагы Атырау мунай жана газ университетинин ректору-башкарма төрагасы:

- Аял эне катары, үй кожойкеси катары өмүр бою өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө умтулушу керек. Ошондуктан ал эч качан билимдин артыкчылыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн коё бербейт. Мен өз тажрыйбамдан билгендей, илимий жана башка сынактарга көптөгөн долбоорлорду адатта аялдар сунушташат. Комиссия менден үч балалуу эне жана профессорго дагы билим алуунун эмне кереги бар деп сураган кезде мен аялзаты ар дайым билимдүү болуп, өзүнүн жөндөмүн байытып турушу керек деп айттым. Себеби, биринчи кезекте аял киши келечектеги муунду тарбиялайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков