«Тумар» улуттук сынагына арыздарды кабыл алуу башталды

«Тумар» улуттук сынагына арыздарды кабыл алуу башталды

«Тумар» улуттук телевизиондук сынагына катышууга билдирмелерди кабыл алуу башталды. Сынакка 2020-жылы Казакстандын телеканалдарынын эфиринен көрсөтүлгөн теледолбоорлор катыша алат. Ага катышуу үчүн арыздарды республикалык жана аймактык телеканалдар, кесиптик телекөрсөтүү контентин чыгарган студиялар жана компаниялар бере алышат.

Бибигүл Куламан, уюштуруучу:

- «Тумар» улуттук сынагы 2017-жылдан бери быйыл бешинчи жолу өткөрүлүп жатат. Быйыл жалган куран айынын биринен баштап бардык журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Бул чын куран айынын бирине чейин созулат. Жеңүүчүлөрдү чын куран айынын аягында аныктайбыз. Аларды калыстар тобу тандайт. Калыстар тобунун курамында алдыңкы медиа адистер жана кесипкөй серепчилер бар. Ал эми быйылкы «Тумар» улуттук сынагында журналисттер 10 номинация боюнча күч сынаша алышат.

Кошумчалай кетсек, быйыл салттуу номинациялардан тышкары дагы бир өзгөчө номинация бар. Азырынча анын аталышы жарыяланбайт. Сынактын жеңүүчүлөрү «Тумар» статуэткасы менен катар бир миллион теңге көлөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушат. Карантиндик иш-чараларга байланыштуу сыйлык тапшыруу аземи борбор калаада жабык эшик артында өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков