Жалган куран айында окуучулар кандай окушат?

Жалган куран айында окуучулар кандай окушат?

Казакстанда айкалышкан билим алууга уруксат берилди. Буга санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышы жана турукташуусу себеп  болду. Бул тууралуу тиешелүү мекеменин вице-министри Шолпан Каринова мектептерде кандай талаптарды сактоо керектиги жөнүндө борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, жалган куран айынан баштап орто мектептердеги 1-5-класстардын жана 1ден 7 жашка чейинки балдарга билим берүү мекемелерине барууга уруксат берилди. Ошол эле учурда, Билим берүү жана илим министрлиги окуучулар бирдиктүү форма кийиши зарыл эместигин, алар сабакка кенен, тыкан жана жарашыктуу кийимдер менен бара алышарын белгиледи. Албетте, эң башкысы, кооптуу вирустун жайылышына жол бербөө үчүн бардык санитардык нормаларды сактоо керек. Айта кетсек, үй-бүлөдө инфекция же вирус алып жүрүүчүлөр менен байланышкан учурлар катталса, балдар билим алууну аралыктан гана уланта алышат.

ШОЛПАН КАРИНОВА, БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

 - Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларынын 47 пайызы кадимки форматта билимин улантып жатса, 53 пайызы аралыктан окутуу форматында окушууда. Буга байланыштуу аталган уюмдарга кадимки форматта өткөрүлө турган жана дистанттык окутуу форматындагы сабактарды өз алдынча аныктоо укугу берилет. Ошол эле учурда, Билим берүү жана илим министрлиги усулдук сунуштарды даярдап, бардык билим берүү уюмдарына жеткирет. Ага ылайык, бардык негизги сабактарды туруктуу форматта жана кол эмгек, музыка сыяктуу сабактарды аралыктан окутуу форматында өткөрүү сунушталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков