«Туңгуч Президенттин жолу менен: тынчтык жана ынтымактын 30 жылдыгы» телеэкспедициясы

«Туңгуч Президенттин жолу менен: тынчтык жана ынтымактын 30 жылдыгы» телеэкспедициясы

Казакстанда Эл Башынын тынчтыкты, ынтымак менен өлкөнүн улуттук эгемендигин калыптандырууга кошкон салымына арналган бир катар тасмалар тартылат.  Казакстан Элдер Ассамблеясы уюштурган теледолбоор былтыр башталган «Туңгуч Президенттин жолу менен: тынчтыктын жана ынтымактын 30 жылдыгы» жалпы улуттук экспедициясынын уландысы болот. Бул тууралуу КЭАнын Төрагасынын орун басары Майя Бекбаева Рахмат айтуу күнү жана Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналган тегерек столдун жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, теледолбоор 5 бөлүктөн турат. Алардын ар биринде республиканын бардык аймагынын турмушу жана тарыхынын өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт. Уникалдуу теледолбоор Казакстандын Туңгуч Президенти күнүнүн алдында белгилүү заманбап жанрда тартууланат.

МАЙЯ БЕКБАЕВА, КЭА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ, «QAZAQ TV» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

 - Казакстандын аймактардагы эли кандай жашайт жана эмне менен өмүр сүрөт? Улуттар аралык биримдик кандай сакталууда? Биздин мамлекетте жашаган ар түрдүү этнос өкүлдөрү казак элинин ажырагыс бөлүгү болгондуктан, өздөрүнүн өзгөчөлүктөрүн кандай сакташууда? Быйыл ушул жана башка суроолорго «Туңгуч Президенттин жолу менен: Тынчтык жана Ынтымактын 30 жылы» телеэкспедициясы жооп берип, көрсөтүп жана баяндайт. Биздин долбоорго этномаданий бирикмелер менен Ассамблея түзүмдөрүнүн, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын, жаштардын, айрыкча, аймактык деңгээлдеги активисттердин кеңири чөйрөсү катышат. Казакстандын ар бир аймагын мисалга алып, өлкөнүн тынчтык жана ынтымак саясатынын негизги этаптарын ачып беребиз.