Сак доорундагы археологиялык изилдөөлөр тууралуу китеп жарык көрдү

Сак доорундагы археологиялык изилдөөлөр тууралуу китеп жарык көрдү

Өлкөнүн Улуттук музейинде «Катартобе». Некрополь сакской элиты Жетису» аттуу китеп тааныштырылды. Бул эки мамлекет - Казакстан менен Корея Республикасы изилдөөчүлөрүнүн биргелешкен ишинин натыйжасы. Белгилей кетсек, археологдор үч жылдан бери Алматы облусунун тарыхый жерин изилдегени, ошол иштин жыйынтыгы китепке кирген. Чыгарма корей тилинде да басылып чыкты. Басылма ошол кездеги коом, антропология, социалдык макам, экономика, маркумду акыркы сапарга узатуу жана башка маалыматтарды камтыйт. Археологдордун жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн натыйжасында миңден ашуун экспонаттар топтолуп, алар республиканын Башкы музейине тапшырылды. Айта кетсек, Казакстан Республикасынын Улуттук музейи менен Кореянын маданий мурасын изилдөө Улуттук институту археология жаатында мындан ары тыгыз кызматташуу боюнча биргелешкен меморандумга кол коюшту.

САУЛЕ РАХЫМЖАНОВА, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

 - Казакстанда биргелешкен экспедициялар өткөрүлөт. Биз Кореяга барып, алардын тажрыйбасын ала алабыз, алар биздин тажрыйбаны ала алышат. Ушундай биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүү мерчемделген. Үч жыл бою көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп, абдан кызыктуу маалыматтар табылды. Албетте, казуу иштерин улантуу керек.