COVID-19 доорундагы БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарынын жараяндары

COVID-19 доорундагы БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарынын жараяндары

Пандемия медиа чөйрөсүнө оң таасирин тийгизди. Анда мүмкүнчүлүктөр гана көбөйбөстөн, заманбап журналистиканын ишенимдүүлүгү дагы жогорулады. Рейтер институтунун жана Оксфорд университетинин профессору америкалык Ник Ньюмандын изилдөөлөрү эл аралык онлайн конференция учурунда жарыяланды. Ал бир эле учурда эки темага арналды - «Пандемия медиа чөйрөсүнө кандай таасирин тийгизди?» жана «БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу тенденциялары кандай?». Маалыматка ылайык, автордук баяндама 43 мамлекеттен келген 234 респонденттин сурамжылоосунун негизинде даярдалган. Бул санга медиа компаниялардын санарип боюнча лидерлери, башкы редакторлору жана башка өкүлдөрү кирди. Катышуучулар журналистиканын өнүгүү келечеги жөнүндө өз ойлорун ортого салышып, 2021-жылга карата медиа божомолун айтышты. Ошондой эле, БУУнун COVID-19 мезгилинде туруктуу өнүгүү максаттарын жүзөгө ашыруу боюнча мыкты долбоорлорун сунушташты. Белгилей кетсек, конференцияга КМШ өлкөлөрүнөн, анын ичинде Казакстан, Украина, Азербайжан, ошондой эле, Европа жана Азиядан 100дөн ашуун серепчилер катышты.

ЛИ ГЮ-Э, ТҮШТҮК СЕУЛ ЖАНА КЁНГИДОНУН ТЫНЧТЫК ҮЧҮН ЭЛ АРАЛЫК АЯЛДАР ТОБУ ФИЛИАЛЫНЫН БАШКЫ ЖЕТЕКЧИСИ:

 - Биздин быйылкы урааныбыз - «Бирге өмүр сүрүү, калыбына келтирүү, карым-катнаш». Ошондой эле, иш-чаранын алкагында биз аракеттерибизди токтотпостон ишке ашырылышы керек болгон максаттарды талкуулап жатабыз, атап айтканда, бул БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары. Бул иш-чара аркасында биз билим берүү тармагында жана медиада жаңы өзгөрүүлөргө кадам таштайбыз деп ишенем.