Кибербуллингге байланыштуу атайын мыйзамдын жоктугу жоопкерчиликтен бошотпойт

Кибербуллингге байланыштуу атайын мыйзамдын жоктугу жоопкерчиликтен бошотпойт

Өлкөдө кибербуллинг  боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат. Бирок азырынча атайын документтин жоктугу жоопкерчиликтен бошотпойт. Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу каралоо же жалаа жапкан жаран учурдагы кылмыш кодексине ылайык жооп берет. Маселен, соттун ишине кийлигишип, иштин чечими чыкмайынча коомчулукту дүрбөткөнү үчүн 2000 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейин айыппул каралган. Же болбосо 600 саатка чейин коомдук жана тартиптик жумуштарга тартылат. Айыпталуучу 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы да мүмкүн.

НАДЕЖДА ЯНЧУК, «АР-БЕДЕЛ» КИБЕР КООПТУУЛУКТУН АР КАНДАЙ КӨРҮНҮШТӨРҮ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ФОНДУНУН, СОТТУК ПРАКТИКА БОЮНЧА ЖЕТЕКЧИСИ:

 - Кибербуллинг жөнүндө сөз болгондо Кылмыш кодексинин дагы бир беренесине токтолуп кетпесек болбойт. Бул 411-берене. Ал судьяга байланыштуу жалаа жабуу боюнча колдонулган жоопкерчилик түрлөрүн камтыйт. Бул норма эки бөлүктөн турат. Алардын бири - сот арачылары судьяларынын аброюна шек келтиргендиги үчүн колдонулган жаза. Ал эми экинчи бөлүгүндө прокурор, соттук-медициналык эксперттер сыяктуу юридикалык кызматкерлерине карата жалган жалаа жана каралоого байланыштуу жоопкерчилик түрлөрү каралган. Бирок аталган нормага ылайык, жаза каралып жаткан ишке байланыштуу жалаа жабуу боюнча гана колдонулат.