«Дүйнөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүдөгү диний лидерлердин ролу» конференциясы

«Дүйнөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүдөгү диний лидерлердин ролу» конференциясы

Нурсултан Назарбаев Борборунун аянтында дүйнөнүн өнүгүшүндөгү руханий лидерлердин ролу талкууланды. Диний бирикмелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Сауд Аравия, Египет, Ватикан, Индия, Иран, Улуу Британия, Орусия, Өзбекстан жана Казакстандын беделдүү чет элдик серепчилери туруктуулук менен ынтымак натыйжалуу жана эффективдүү прогресстин негизи деген орток пикирге келишти. Уюштуруучулар белгилегендей, Казакстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чара быйыл бир катар тематикалык конференциялардын сериясын ачты. Алар бир катар маселелерди талкуулоону максат кылышууда. Алардын катарында - диний лидерлердин конфессиялар аралык диалогду чыңдоого салымы, ошондой эле, улуттук, аймактык жана эл аралык деңгээлдеги кызматташтык бар. Жолугушуунун катышуучулары күзүндө Нур-Султан шаарында өтө турган Дүйнөлүк диндердин лидерлери катышкан конгресс катчылыгына даярдык көрүү боюнча алдыдагы иштин жүрүшү жөнүндө да кеп кылышты.

БУЛАТ САРСЕНБАЕВ, КОНФЕССИЯЛАР АРАЛЫК ЖАНА ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАР АРАЛЫК ДИАЛОГДУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА Н.НАЗАРБАЕВ БОРБОРУ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

 - Тогуздун айында Дүйнөлүк диндердин лидерлеринин катышуусунда конгресстин Катчылыгын өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз. Бул жыл сайын өткөрүлүп турган абдан чоң иш-чара. Бул жолу Казакстан тарап катчылыктын күн тартибине кандайдыр бир жол менен бүгүнкү күндө чоң көйгөйгө туш болгон өлкөлөрдүн өкмөттөрүн, мамлекеттик институттарын колдоодо, биздин азыркы пандемия учурунда жашап жаткан эң оор мезгилде руханий лидерлердин ролу, алар мындай учурда диний лидерлер кандай позицияны карманышы керек жана эмне кылууга тийиш деген маселелерди  катчылыктын күн тартибине сунуштамакчы.