Казакстандын Сот системасы модернизацияланат

Казакстандын Сот системасы модернизацияланат

Заманбап технологиялардын жетишкендиктерин колдонуу жана сот адилеттигин камсыз кылуу. Парламент Мажилисинин депутаттары сот системасын жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорлорун карады. Алардын катарында сот системасы жана судьялардын макамы жөнүндө мыйзам, Административдик укук бузуу тууралуу кодексине өзгөртүүлөр, ошондой эле, сот системасын жаңыртуу маселелери бар. Мажилис депутаттарынын айтымында, мындай жаңычылдыктар кулжа айынын биринен тарта өлкөдө административдик сот адилеттиги тутумунун киргизилишине байланыштуу болуп жатат.

НАТАЛЬЯ ПАН, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

 - Юстиция министрлиги улуттук серепчилерди, ошондой эле, Административдик Адилет Институту бар өлкөлөрдүн адистерин тартуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул максатта аралыктан окутуу, ар кандай тренингдерди уюштурдук. Бул иш-чараларга 3 миңге жакын мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү аткаруу органдарынын бөлүм башчылары, аппарат жетекчилери катышты. 

Белгилей кетүүчү нерсе, мындай тажрыйба илгертен бери эле чет өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп келет. Жаңы тутум эң актуалдуу болгон соттордун жумушун азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө Административдик сот адилеттигинин ишин баштоо үчүн алгачкы 179 жаңы судья окутулду. Нурлан Нигматулиндин айтымында, сот тутумун жаңыртуу президент Касым-Жомарт Токаев тарабынан коюлган тапшырмаларды жүзөгө ашырууга багытталган.

НУРЛАН НИГМАТУЛИН, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПАЛАМЕНТИ МАЖИЛИСИНИН ТӨРАГАСЫ:

 - Мамлекет башчы Касым-Жомарт Кемелович Токаев сот ишинин ачыктыгына, калыстыгына жана заман талабына ылайык болушуна өзгөчө көңүл бурду. Ошондуктан бүгүнкү документтерде ушул талаптарды мыйзам жактан камсыз кылууга арналган маанилүү жоболор камтылды. Бул ченемдер сот тутумуна квалификациялуу, кесипкөй, тажрыйбалуу, жаңы адистерди тартууга, сот жараянына жогорку технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү киргизүүгө жол ачат.