Белгилүү казак журналисти Нуртилеу Имангалиулы дүйнө салды

Белгилүү казак журналисти Нуртилеу Имангалиулы дүйнө салды

Бүгүн казак коомчулугу оор жоготууга учурады. «Бай жана күчтүү бололу!» деп көпчүлүктүн эсинде калган, журналистика тармагынын ардагери Нуртилеу Имангалиулы 70 жаш курагында көз жумду. Өмүрүнүн 45 жылын телекөрсөтүү тармагына арнаган ардактуу инсан жашоосунун акыркы күндөрүнө чейин көгүлтүр экрандан түшпөй, автордук долбоорлору менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган. Кесиптештери жана аны үлгү туткан шакирттери Нуртилеу Имангалиулын телекөрсөтүүнүн алпы деп эсептешет.

ЗЕЙИН АЛИПБЕК, «ХАБАР» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН АЛЫП БАРУУЧУСУ:

 - Мен Нуртилеу агайыбыздын окуучуларынын биримин. Казак телекөрсөтүүсүндөгү бүгүнкү жаш журналисттердин бардыгы анын шакирттери деп айта алам. Ал бардык курактагы жана бардык казактарды кучагына батырууга даяр болчу. Сыртынан сүрдүү көрүнгөнү менен, жүрөгү өтө жумшак, абдан боорукер адам болчу.

Нуртилеу Имангалиулы 1952-жылдын бугу айынын биринде Алматы облусунун Аксу районунда туулган. Эмгек жолун катардагы кабарчы болуудан баштап, медиа тармагындагы жогорку кызматтарга чейин көтөрүлгөн. «Жаштар үнү», «Арай», «Бетме-бет», «Мыйзам сүйлөсүн», «Nur-Tiley» сыяктуу автордук программалар көрүүчүлөрдүн эсинде калды. Ал казак телекөрсөтүүсүнүн комментатору, башкы редактору, мүдүрдүн орун басары жана «Хабар» агенттигинин модератору, Өкмөттүн Аппаратында, Президенттин Администрациясында иштеген, «Казакстан» республикалык Телерадио-корпорациясынын Башкарма төрагасы болгон.

АМАНГЕЛДИ СЕЙИТХАН, ЖУРНАЛИСТ, СПОРТ КОМЕНТАТОРУ:

 - Мен казак телевидениесинин тарыхында дал ушундай өз тармагына абдан берилген адам жок деп ойлойм. Өзүнүн «бул менин дем алып жаткан абам» деген сөзү бар эле. Эгерде мен студиядан же теле тармагынан бөлүнүп кетсем, андан ары жашоом кыйынга турат. Дем жетпегендей болуп кетет, деп калчу. Ал өмүрүнүн аягына чейин өз ишин адал аткарды. Өзгөчө дилгирлик жана берилүү менен аткарган, ар бир программага жоопкерчилик менен мамиле кылган адам эле. Мисалы, тажрыйбанын эсебинен, башкалардын эсебинен бир аз четтен кароого болот го. Жок, ал киши мындайды жолотпой, кайдыгерликке жол бербеген. Мүмкүн болушунча көрүүчүлөр менен сырдашып калуунун механизми катары караган.

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

«Нуртилеу Имангалиулы телекөрсөтүү жаатында өзүнүн өчпөс изин калтырды. Ал көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, элдин руханий жана маданий байлыгын өнүктүрүүгө зор салым кошту», - деп айтылат Президенттин телеграммасында.