Казакстанда Нооруз майрамын 10 күн белгилөө мерчемделүүдө

Казакстанда Нооруз майрамын 10 күн белгилөө мерчемделүүдө

Нооруз майрамы жаңы форматта. Аталган майрамды өлкөдө адаттагыдай 4 күндүн ордуна 10 күн белгилөө мерчемделүүдө. Мындай концепцияны бекитүү жөнүндө токтомдун долбоору «Ачык НУА» (ачык нормативдик укуктук актылар) порталына жарыяланды. Ага ылайык, жалган куран айынын 14-23 аралыгында өлкөдө ар кандай иш-чаралар өтөт. Ар бир күндүн өзүнүн темасы болот. Алсак, 21 -Улуттук тамак-аштар күнү болсо, 18 - жарандар жакшы иштер күнүн белгилешет. Ошентип, өлкө өкмөтү  маанилүү майрамдын мазмунун кеңейтип, улуттук баалуулуктарга өзгөчө басым жасоону көздөп жатат.

БЛИЦ:

- Биз дайыма майрамдайбыз. Аштын даамын татуу үчүн кезекке турабыз. 10 күн албетте көп убакыт, деген менен биз майрамды белгилөөгө көнүп калганбыз. Улуттук майрамдарды белгилегенди жакшы көрөбүз, андыктан кубануу менен майрамдап, бири-бирибиз менен жолугушуп, кубанычка бөлөнөбүз.

- Бир жерге барып майрамдасак жакшы болмок. Көңүл ачуучу жайларга. Бул үйдө отургандан алда канча жакшы эмеспи.

- Менин оюмча бул туура чечим. Анткени бул биздин улуттук майрам. Биринчи күнү кайсы темада белгиленээри эсимде жок, бирок ар бир күн өзүнчө тема менен белгиленерин окудум. Бул абдан жакшы деп ойлойм. Коңшу Орусия дагы Жаңы жылды эки жума майрамдайт эмеспи. Кытай дагы эки жума эс алат.

Нооруз майрамын белгилөөгө өзгөртүү киргизүү керектиги тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев «Эгемендүүлүк – баарынан кымбат»  деген макаласында да баса белгилеген. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жаңы концепция министрлер кабинети тарабынан жактырылды.