ЕАЭБ өлкөлөрү биргелешкен туристтик маршруттарды түзөт

ЕАЭБ өлкөлөрү биргелешкен туристтик маршруттарды иштеп чыгууну мерчемдешүүдө. Мындан тышкары, бара турган объектилер жана жерлер жөнүндө бирдиктүү маалыматтык ресурс иштелип чыгат. Биримдик өлкөлөрү баарынан мурда маалымат арттыруучу туризмди өнүктүрүүгө көңүл бурууну көздөшөт. Анда саякатчылардын каалоосу эске алынат.

СЕРГЕЙ ТКАЧУК, ЕВРАЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК КОМИССИЯСЫНЫН СЕРЕПЧИСИ:

 - Мында  жаратылыштын, тарыхтын жана маданияттын эстеликтери, биздин жашоо-турмуш жана каада-салты менен таанышуу максатында туристтик жүрүштөр, саякаттоолор, сейилдөөлөр бар. Бул жерде көрө турган нерселер көп. Биздин биримдикте туризм тармагын ийгиликтүү өнүктүрүүнүн мисалы катары айрым бир ушундай уникалдуу музейлердин иши саналат. Мисалы, Архангельск облусундагы «Малые Корелы» жыгач архитектурасынын музейи. Же болбосо туризм жаатында адистер Кыргызстандагы Саймалуу-Таш бакча музейи тууралуу көп кеңеш беришет. Мындай ачык асман алдындагы кооз эстеликтер Казакстан менен Беларуста да бар.