Казакстанда элди каттоо онлайн жүргүзүлөт

Казакстанда калкты каттоо аяк оона айынын биринен башталып, тогуздун айынын 15не чейин уланат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Алихан Смаилов төрагалык кылган атайын комиссиянын отурумунда айтылды. Маалыматка ылайык, процедура онлайн режиминде өтөт. Казакстандыктар күнү-түнү адистештирилген sanaq.gov.kz сайтына өз алдынча анкетаны толтуруп каттала алышат. Аны менен катар, бул кызмат өзүңүз үчүн жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү үчүн дагы колдонулат. Өлкөнүн бардык жарандарын камтуу максатында тогуздун айынын 1нен 30на чейин бардык санитардык нормаларды сактоо менен салттуу үйдөн үйгө экскурсиясы башталат, дешет адистер. Каттоочулар казакстандыктардын маалыматын планшеттердеги атайын мобилдик тиркеме аркылуу толтурат деп күтүлүүдө. Бул ишенимдүүлүк деңгээлин жогорулатат жана маалыматтын кайталанышына жол бербейт.