Күч атасы Кажымукан Муңайтпасовдун 150 жылдык мааракесин белгилөө иштери башталды

Женис Ермуканов, журналист:

 - Казакстандан чыккан туңгуч кесипкөй балбан, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, 54 мамлекетте күч сынашып, 48 медалга ээ болгон Кажымукан Муңайтпасулына 150 жыл. Казак күрөшү атасынын урматына республикалык масштабда ар кандай иш-чаралар уюштурулууда. 

Бул көзү тирүүсүндө легендарлуу адамга айланган Кажымукан Муңайтпасовдун жолун жолдогон эгемендүү өлкөнүн жаштары. Бүгүнкү муун баатыр ата-бабалары сыяктуу жер-шаарын килем үстүндө сапаттуу күрөшүү менен багындырып жүрүшөт. Алардын катарында кара көздүү кыз-келиндер да бар. Асылай Ташменованын эр-мүнөздүк сапатын көрсөтүп, балбандар менен күч сынашып жүргөнүнө  6 жыл болду.

АСЫЛАЙ ТАШМЕТОВА, ДЗЮДО БОЮНЧА СПОРТ ЧЕБЕРИНЕ ТАЛАПКЕР:

 - Азыркы учурда жаш өспүрүмдөр арасында чемпионаттын жеңүүчүсүмүн. Мен Кажымукан Муңайтпасов атындагы интернат-колледжинин 1-курсунун студентимин. Алдыдагы мелдештер жөнүндө айта турган болсом, жаштар арасында чемпионат бар, албетте анда биринчи орунду алуу максатым бар. Андан кийин Азия, дүйнө жана Олимпиадада күрөшүү аркылуу Кажымукан Муңайтпасов атабыздын жолун жолдоо болуп саналат. 

Далысы жерге тийбеген казак балбаны өзүнүн зор күчү менен дүйнө жүзүн суктандырган. Ал цирк өнөрүн чогуу алып жүргөн. Темирди жиптей ийип, аны колу менен кынаптай билген бүгүнкү билектүү жаштар ата-бабалардын жетишкендиктерин кайталап жатышат.

ТИМУР СЫПАТАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН 5 ЖОЛКУ РЕКОРДСМЕНИ:

 - Өткөн жылы мен атайын чет мамлекеттерге барып, Кажымукан атабыз болгон Франция, Германия, Тюмень жана Кокандга барганда анын атынан өнөрүбүздү көрсөттүк. Ал бул жерге жөн гана балбан же таш көтөрүү үчүн барган эмес. Улуттун кызыкчылыгы үчүн, азыркы эгемендүүлүгүбүз үчүн, өлкө, жер, эл үчүн биздин казак мамлекетибиздин көк байрагын көтөрүп, желбиретүү үчүн мамлекеттерди кыдырган.

Өлкөдө быйыл күч ээсинин урматына ар кандай иш-чараларды уюштуруу көздөлгөн. Мааракенин ээсин эскерүү үчүн, албетте, биринчиден балбандар өз ара бири-биринин күчүн аныктаган килем үстүндө күч сынашат.

АКТОТЫ РАЙЫМКУЛОВА, КАЗАКСТАНДЫН МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРИ:

 - Республикалык деңгээлде комплекстүү планыбыз бар. Албетте, биринчиден биз салттуу түрдө жаштарыбызды казак күрөшү, жалпы күрөш жана башка да спорттун түрлөрү боюнча улуттук жана эл аралык иш-чараларга катышууга даярдап жатабыз.

Миң кырдуу, бир сырдуу Кажымукан Муңайтпасов улуттук өнөрдүн да ээси болгону белгилүү. Күч атасы домбрада ойноп, элдик ырларды ырдаганды жакшы көргөн. Ошондуктан спорттук мелдештер менен катар, анын өнөрүн көрсөткөн маданий иш-чараларды өткөрүү мерчемде бар.