«Е-Salyq Azamat» тиркемесинин жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Мындан ары салык төлөмдөрүн мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлдөөгө болот. «Е-Salyq Azamat» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Мамлекеттик кирешелер комитети төрагасынын орун басары Жайдар Инкербаев маалымат жыйынында айтып берди. Анын айтымында, ашыкча сумманы эми башка салыктардын эсебинен жабууга  же кайра банк картасына которууга болот. Кызматтын мындай жаңы мүмкүнчүлүктөрүн беш жарым миң казакстандык пайдаланууга жетишкен. Эске салсак, электрондук платформа үч тилде иштейт. Бул адамдардын жол менен убакыт көйгөйлөрүн чечүү үчүн түзүлгөн система. Ал аркылуу салык декларацияларын толтурууга, ар кандай төлөмдөрдү жүргүзүүгө, карыздарды жабууга, алдын ала төлөм жүргүзүүгө жана алар жөнүндө маалымат алууга болот. Ал тургай, тиркеме карызкорлордун тизмесин көрсөтөт. Аны иштеп чыгуучулар жаңы кызмат түрлөрү менен толуктап жаткандыгын айтышат.

ЖАЙДАР ИНКЕРБАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН КМ МАМЛЕКЕТТИК КИРЕШЕЛЕР КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

 - Тиркеме улам жакшыртылып, жаңы кызматтар менен дайыма толукталып турат. Бул интерфейс аркылуу салык төлөөчүлөр жана жеке адамдар өз ара байланыш куруп, салык салууга байланыштуу кызматтардын бардык түрүн ала алышат. Келечекте алкоголдук өнүмдөрдү текшерүү кызматын киргизүүнү мерчемдеп жатабыз. Тиркемеде матрицанын датасы көрсөтүлгөн, ал аркылуу анын сапатка ылайыктуулугун аныктай алабыз. Ошондой эле, накталай квитанциялардын фискализациясын текшерип, андагы маалыматтардын туура экендигин билүүгө болот.

Буга чейин айтылгандай, азыркы учурда бизнес коомчулугу үчүн E-Salyq Business тиркемеси  түзүлүп жатат. Ал аркылуу эч жакка барбай эле жеке ишти ачууга же жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле, салык төлөмдөрүн онлайн режиминде дагы жүргүзүүгө болот. Фискалдык маалымат үчүн кызмат акы жана комиссиялар алынбайт.