Жазуучу Үзбен Курманбай уулунун китеби жарык көрдү

Борбор калаада «Ынтымактуу коом, мамлекеттин муктаждыктары жана артыкчылыктары» аттуу китептин бет ачары болду. Автору коомдук ишмер Үзбен Курманбай уулу. Жазуучу жаңы чыгармасында жакшы коомду куруунун концепциясын иштеп чыккан. Ал анын бирден бир жолу бүгүнкү шартта боорукердик мыйзамын калыптандыруу экендигин айтат. Бул  демилге Эл Башынын «Жарандык коомду түзүү» жана «Руханий жаңыруу» сыяктуу идеяларынын татыктуу уландысы деп эсептейт. Мындай жакшылыктын булагын казак элинин тамыры терең жайылган тарыхынан жана бай маданиятынан, ошондой эле, улуттук өзгөчөлүгү менен салт-санаасынан издөөгө кеңеш берет.

ҮЗБЕН ҚУРМАНБАЙ УУЛУ, ЖАЗУУЧУ, КООМДУК ИШМЕР:

 - Анткени биздин казакта кандай жакшы дүнүйө бар? Ал ата-бабадан уланып келген канында бар, менталитетинде боорукердик бар. Биз боорукердикке жана кайрымдуулукка толгон элбиз. Эми алдыга карай өнүгүүнүн жолун өзүбүздөн издеп жатабыз. Пифагордон баштап баарынан издеп көрдүм. Айланып келип өзүбүздүн аль-Фарабиден таптым, Абайдан таптым.

ЖАСАН ЗЕКЕЙ УУЛУ, МЕДИЦИНА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН САЯСИЙ КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ:

 - «Келечекке багыт - Руханий жаңыруу» Эл Башынын, учурдагы Президентибиздин «элге жакын коом куруу» боюнча идеялары аталган китепке киргизилди. Мунун негизги мааниси Абай атабыз айткандай «Адамзаттын бардыгын сүй, бир тууганым» дегендей, башкача айтканда, адамдардын жүрөгүндө ыйман, бири-бирине болгон боорукердик болмоюнча эч кандай жакшылыкты көрө албайбыз.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул китепти басып чыгарууга «Мекендештер фонду» колдоо көрсөткөн. Үзбен Курманбай уулу буга чейин «Кайтып келген бакыт, ишке ашкан кыял», «Түбөлүк өлкө», «Эгемендүүлүк - тагдырдын белеги», «Чындык», «Эрдик жана өлкө» сыяктуу 60тай макаланы жазып, көпчүлүктүн назарына сунуштаган. Жазуучунун ар бир эмгеги окурмандардын оң баасына татыйт.