«Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Казакстандын тарыхы» аттуу китеп жарык көрдү

Казакстандык жоокерлердин эрдиги жөнүндө баяндалган архивдик документтер жана тарыхый маалыматтар. Нур-Султан шаарында Майдан Кусаиновдун «Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Казакстандын аскердик тарыхы» аттуу китеби окурман коомчулугуна тааныштырылды.  Басылма эки тарыхый окуяга арналган. Алардын бири Ленинград шаарын фашисттик блокададан бошотуу жана Сталинград үчүн салгылаш. Ошондой эле, эмгекте оор жылдары жоокерлер колдонгон курал-жарак менен шаймандары жана немис аскерлеринин кийимдери, жабдыктары тууралуу маалыматтар келтирилген. Китепке ошол оор жылдардагы согуш талаалары боюнча жүргүзүлгөн картографиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары камтылган. Автор чыгарма жаш муунду тарбиялоодо өтө пайдалуу болот деген пикирде. Буга байланыштуу китеп мектептер менен орто жана жогорку окуу жайларынын китепканаларына таратылат.

Майдан Кусайынов, китептин автору, Л.Н. Гумилёв атындагы ЕУУ профессору:

- Бул китеп эмне жөнүндө? Анда маанилүү салгылашууларда душмандан коркпой, Улуу Жеңишке жетишүүдө чечүүчү ролду ойногон казак аскерлеринин эрдиги жөнүндө баяндалат. Мисалы, 314-жана 309-дивизиячылар Ленинградды душмандын экинчи блокадасынан бошотушкан. Немис армиясы Москвага жакындап калган учурда Актөбелик 316, 312 жана 238-Семей аскер бөлүктөрү өз убагында жардамга келишкен. Сибирь дивизиялары бул өнөктүккө аттанганга чейин биздин казак дивизиялары аймакты коргоп калышкан. Жалпы жонунан, алардын Москваны душмандарга бербөөдөгү каармандыгы ченемсиз болгон. Китепте ошол жылдардагы курал-жарактар жана аскер техникалары жөнүндө кеңири маалымат берилген.