Казакстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жаңы жөлөкпул киргизүү мерчемделүүдө

Казакстанда биринчи топтогу майыптарга кам көрүүчүлөр үчүн жөлөкпулду киргизүү мерчемделүүдө. Мындай колдоого 24 миңден ашуун казакстандык ээ болот. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды социалдык жактан коргоо мыйзамы Мажилисте тааныштырылды. Ошондой эле, документте жеке жардамчынын кызмат көрсөтүү механизмине түзөтүүлөрдү киргизүү каралган. Муктаждыктар медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрдүн негизинде эске алынат. Мындан тышкары, мыйзамда 7 жаштан 16 жашка чейинки балдарды майыптык топтору боюнча бөлүү каралган. Бул чара баланын оорусунун деңгээлине жараша жөлөкпулдун өлчөмүн аныктайт. Ошол эле учурда, мекеменин маалыматы боюнча, майып балдардын бардык топтору үчүн жөлөкпул 16дан 37% чейин көтөрүлөт. Жаңычылдык 31 миңден ашуун балага тиешелүү болот.

СЕРИК ШАПКЕНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК ЖАНА ЭЛДИ СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН КОРГОО БОЮНЧА МИНИСТРИ:

- Майыптыгы боюнча жөлөкпул менен катар, кам көрүүчүсү болбогон учурда дагы кошумча сумма төлөнүп берилет. Бул үй-бүлөсүндө багуучусунан айрылган жана майып балдары бар үй-бүлөлөрдүн кирешесинин деңгээлин жогорулатат. Аталган жөлөкпул 2 миң балага төлөнүп бериле баштайт. Учурда аларга жөлөкпулдун бир гана түрү төлөнүп жатат.