Казакстанда франциялык «Идеялар түнү» өттү

Казакстанда франциялык «Идеялар түнү» өттү

Шаар мейкиндигин туруктуу өнүктүрүү, жашыл экономика чөйрөсүндө өнүгүү келечеги, ошондой эле, айлана-чөйрөнү коргоо. «Идеялар түнү» иш-чарасына Казакстандын, Франциянын жана Германиянын философтору, жазуучулары, изилдөөчүлөрү, интеллектуалдары жана илимпоздору катышты. Жүздөгөн серепчилердин башын бириктирген иш-чара  республикада гана эмес, дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөлөрүндө болуп өттү. Белгилей кетсек, француз иш-чарасы жыл сайын тажрыйба алмашуу, дебаттар жана эң актуалдуу көйгөйлөрдү жана маселелерди талкуулоо аянтчасы катары уюштурулуп келет. Маалыматка ылайык, бул жылы Франциянын өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү уюштурган жолугушуу алтынчы жолу жана биринчи жолу онлайн режиминде өтүп жатат. Талкуунун кеңири программасы француз, англис жана орус тилдеринде өтүп, планетанын эң маанилүү жана актуалдуу көйгөйлөрү талкууга алынды. Алардын арасында экологиялык тең салмактуулук жана адамдардын дүйнө менен болгон мамилелери, урбанизм, биологиялык ар түрдүүлүк жана жасалма интеллект маселелери бар.

АЛЕКС БОРТОЛАН, ФРАНЦИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИНИН МАДАНИЯТ ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КЕҢЕШЧИСИ:

 - Жыл сайын катышуучулар көбөйүүдө. Бул иш-чарага биз урбанизм боюнча адистерди, архитекторлорду, ошондой эле, жаратылышты жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ишмерлерди чакырдык, анткени чындыгында бул сиз айткандай актуалдуу тема, ал Франция үчүн гана эмес, ошондой эле, Казакстан жана Германия үчүн да маанилүү.