Казакстанда ООР илдетке кабылган балдардын каалоолорун аткарган фонд пайда болду

Казакстанда ООР илдетке кабылган балдардын каалоолорун аткарган фонд пайда болду

Казакстанда оор илдетке кабылган балдардын каалоосун орундатуучу фонд пайда болду. Бир нече ай ичинде жаштар 120дан ашык арызды карап чыгып, 13 баланын кыялын орундатууга жетишти, алардын ар биринин өз алдынча каалоолору болгон. Айрымдар телекөрсөтүүгө чыккысы келсе, башкалары - кумирине жолугууну каалашкан. Дагы бири тик учак менен учууну кыялданган.

Фонд акча чогултпайт жана белектерди тартуулабайт. Алардын алдында башка маселе бар - ал учурдагы жардамга муктаж болгон балдардын кыялдарын орундатуу. Бул моралдык жактан колдоо көрсөтүү, маанайды көтөрүү жана чексиз медициналык процедуралардын жүрүшүндө кичинекей каармандардын жандуулугун жогорулатуу. Андыктан казакстандык ыктыярчылардын жардамы менен фонд өлкөнүн ар кайсы аймактарында өз ишин баштайт. Бүгүнкү күндө дагы 300 адам аталган кыймылдын ыктыярчысы болууну каалаган. Чын куран айынын аягына чейин республиканын аймактарында дагы 15 бөлүм ачуу мерчемделүүдө.

ШАМИЛЬ ВАНКЕЕВ, MENIN ARMANYM КОРПОРАТИВДИК ФОНДУНУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Балдардын кыялдары орундалып, алардын жүзүндөгү жылмаюуну көргөндө ата-энелер кубанычтан көздөрүнө жаш алышат. Биз качан гана алар менен жолукканда, алардын ооруканада ооруп жаткандыгын, бир нерсе жетишпей жаткандыгын унутуп калабыз. Андыктан биз аларга бир күнүбүздү толук арнап, бакыт тартуулайбыз.