Жаңы латын ариби улуттук комиссиянын кароосуна коюлат

Жаңы латын алфавитинин нускасы үчтүн айынын аягында Улуттук комиссиянын кароосуна коюлат. Бул тууралуу Тил саясаты боюнча комитеттин төрагасы Адилбек Каба биздин каналга берген маегинде билдирди. Жаңы шрифт түзүлгөндө алфавиттин 40 жакын варианты келип түшкөн. Мындан тышкары, негизги алфавит түзүлгөнгө чейин калк менен бирге 2 жолу коомдук талкуу, 2 жолу эл аралык талкуу иштери жүргүзүлгөн. Ар тараптуу изилдөөдөн кийин илимпоздор жаңы алфавит жөнүндө чечим кабыл алышкан.

АДИЛБЕК КАБА, КАЗАКСТАНДЫН МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРЛИГИНИН ТИЛ САЯСАТЫ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Бардык талкуулардан өткөндөн кийин биз бул алфавитти президентке сунуштадык. Президент жакында алфавитти карап чыгып, жалпысынан орфографиянын жаңы эрежелери менен бекитти. Андан тышкары, эртең иштеп баштаган учурда биздин клавиатура да даяр болушу керек. Ушул маселелердин үстүнөн иштедик. Мына азыркы убакытта алфавиттен тышкары, клавиатура жана орфографиялык эрежелер дагы  даяр. Эми ушул айдын ичинде Улуттук комиссиянын кароосуна сунушталат.

Жаңы латын алфавити менен анын орфографиялык эрежелери кабыл алынгандан кийин эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Тил саясаты комитети төрагасынын айтымында, биринчи кезекте мугалимдер атайын даярдыктан өтөт. Белгилей кетсек, 2019-жылы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев латынга негизделген казак алфавитин өркүндөтүү тапшырмасын берген.