Казакстанда учурдагы миграциялык кырдаал

Казакстанда учурдагы миграциялык кырдаал

Ушул жылдын чын куран айынан тарта Казакстанда эмиграция жана миграциянын жаңы агымы башталды. Дал ушул маалда кургактыктагымамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттары эки жылдык карантиндик чектөөлөрдөн кийин ачылган. Ошол мезгилден бери республикага дээрлик 4 миллион 400 миң чет элдик жарандар кирди. Ошол эле учурда көрсөтүлгөн мөөнөттө өлкөдөн дээрлик бирдей сандагы адам чыгып кеткен. Ички иштер министрлигинин Миграция комитетинин өкүлү Аслан Аталыков брифингде учурдагы миграциялык кырдаалга токтолду. Анын айтымында, мигранттардын көбү Орусиядан келгендер, бир миллион жети жүз миң адам. Ал эми 1 миллион 666 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен. Өзбекстандан да аз эмес – бир жарым миллион, анын 1 миллион 370и республикадан чыгып кеткен. Бул аралыктаКыргызстан, Тажикстан, Беларус, Түркия жана Германиянын жарандары келишкен. Ошону менен бирге спикер Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин баса белгиледи. Көптөгөн чет элдиктер Казакстан аркылуу башка өлкөлөргө сапар алышат.

Аслан Аталыков,  Ички иштер министрлигинин миграция комитетинин өкүлү

Албетте, биринчи кезекте коңшулук менен байланышкан миграциянын чоң агымы. Бул жерде Орусия Федерациясынын жарандары үчүн Казакстандын транзиттик дараметин эстен чыгарбоо керек. Транзитке келсек, ушул аяк оона айынын акыркы күндөрү эле Казакстандан Орусиянын 40 миңден ашуун жараны чыгып кеткен. Миңдеген адамдар Казакстан аркылуу түштүк коңшуларыбызга – Кыргызстан менен Өзбекстанга кетишти. 5 күндүн ичинде биздин аэропорттор аркылуу Казакстандан дээрлик 6 миң орусиялык учуп кетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков