IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда аяк оона айынын 24дө өтөт

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда аяк оона айынын 24дө өтөт

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстандын курама командасы спорттун 5 түрү боюнча күч сынашат. Бул тууралуу өлкөнүн спорт жана дене тарбия комитетинин төрагасы Самат Ергалиев билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 50гө жакын ата мекендик атлеттеркөкпар, жамбы атуу, салттуу жаа атуу, көкбөрү жана казак күрөшү боюнча күч сынашат. Бул жолу боз килем үстүндө үч балбан кыз биринчи жолу беттешет. Талаа мелдештерине даярданган ар бир спортчудан үмүт чоң.

Самат Ергалиев, Спорт жана дене тарбия комитетинин төрагасы:

Оюндарга спортчулардын даярдыгы жана катышуусу үчүн мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлүп берилди. Тактап айтканда, быйылкы жылы көк бөрү спортунун курама командасы 4, казак күрөшүнөн 3 жолку машыгууну чет мамлекеттерде өткөрүштү. Спортчуларга атайын керектүү спорттук кийимдер камсыз кылынды.

Буга чейин Кыргызстанда гана уюштурулган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул жолу Түркиянын Изник ​​шаарында аяк оона айынын 29нан тогуздун айынын 4нө чейин өтөт. Уюштуруучулар мыктыларга 300 миң доллар байге фондун коюп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков