Казакстандыктар Берлин марафонунда

Казакстандыктар Берлин марафонунда

Дүйнөдөгү эң чоң алты чуркоо мелдешинин бири болгон Берлин марафонуна 100дөн ашуун казакстандык катышты. Алардын арасында дипломаттар, ишкерлер, студенттер жана жөн гана спорт күйөрмандары бар. Белгилей кетсек, быйыл массалык чуркоо боюнча мелдешке 157 өлкөдөн 45 миңден ашык спортчу катышкан. Алар 42 километрден ашык аралыкты басып өтүшкөн.

Мейрам Жумагулов, Берлин марафонунун катышуучусу

- Мындай марафондорго катышуу чындап эле жандын жана дененин майрамы болду. Мен алыстан эч нерсе сезген жокмун. Баары абдан жакшы өттү. Бул иш-чара мага жакты.

Жадра Тайбарсова, Берлин марафонунун катышуучусу

- Бул менин биринчи катышуум. Унутулгус сезимге бөлөндүм. Берлинге жетүү оңой болгон жок. Жалпысынан жол абдан татаал. Мен үчүн бул ар кайсы өлкөлөргө саякат. Ошондой эле өзүмдү тарбиялап, сергек жашоо образын карманып, спорт менен машыгып, жаштарга үлгү болом.

Биздин марафончуларды бардык аралыкта күйөрмандары колдоого алды. Алар негизинен Казакстандын Берлиндеги элчилигинин кызматкерлери.

Которгон: Илгиз Жамалбеков