Италияда кезексиз парламенттик шайлоо өттү

Италияда кезексиз парламенттик шайлоо өттү

Италияда аяк оона айынын 25де кезексиз парламенттик шайлоо өттү. Экзит-поллдун алгачкы жыйынтыгы боюнча Джорджия Мелонинин оңчул коалициясы жеңишке жетти. Болжол ырасталса, Апеннин жарым аралын акыркы 100 жылда биринчи жолу аял башкарат. Италиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, шайлоочулардын катышуусу өтө төмөн болду. Шайлоо участкалары жабылган учурда добуш берүүчүлөрдүн катышуусу 63%дан бир аз ашыгыраак болгон. Шайлоочулардын активдүүлүгү өзгөчө түштүк аймактарда, анын ичинде Сицилияда да байкалды. Белгилей кетсек, бул өлкөнүн 68-премьер-министри болот. Талдоочулардын айтымында, жаңы жетекчинин алдында энергетикага болгон баанын көтөрүлүшү сыяктуу көптөгөн кыйынчылыктар турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков