Чек арадагы абал көзөмөлдө

Чек арадагы абал көзөмөлдө

Казак-орус чек арасында Казакстанга кирген чет элдик жарандардын саны өсүүдө. Унаалардын агымынын көбөйүшүнө байланыштуу төрт автокөзөмөл пунктунда жүргүнчүлөрдүн топтолгондугу байкалып жатканын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдирди. Калган 30 пункт штаттык режимде иштөөдө. Жалпысынан абал өзгөчө көзөмөлгө алынган - деп баса белгиледи ведомстводон. Чек ара кызматы компетенттүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чек ара бекеттеринде коопсуздукту жана тартипти камсыздайт. Орусиянын чек ара кызматы менен өз ара аракеттенүү уюштурулган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков