Астананын жаңы туусу менен герби пайда болот

Астананын жаңы туусу менен герби пайда болот

Борбор калаанын жаңы желеги жана герби пайда болот. Тиешелүү чечимди шаардык кеңеш даярдады. Документ "Ачык Нормативдик Укуктук Актылар" порталында жарыяланды. Анда шаардын символдорун кеңири баяндоодон тышкары, колдонуу тартиби да көрсөтүлгөн. Маселен, желек мамлекеттик жана шаардык майрамдарда, расмий салтанаттарда жана шаардык акимчилик, мамлекеттик органдар, уюмдар жана жарандар тарабынан өткөрүлө турган башка да иш-чараларда көтөрүлөт. Анын сүрөтү Астана калаасынын сыйлыктарына жана ардактуу наамдарына, борбордо жайгашкан мамлекеттик органдардын белгилерине жайгаштырылышы мүмкүн. Ошондой эле, бул белгини майрам күндөрү шаардык жүргүнчү ташуучу унаалардын сырткы көрүнүшүн кооздоо үчүн колдонууга уруксат берилет. Ал эми гербди - борбор шаарды көркөм жасалгалоодо колдонсо болот. Анын сүрөтүн кеңселерде, жыйындар залдарында, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын шыптарына менчик ээлеринин каалоосу боюнча орнотууга уруксат этилет. Мындан тышкары, аны мамлекеттик органдардын транспорт каражаттарын, шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт же мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын карамагындагы атайын кызматтардын транспорт каражаттарын каттоо үчүн колдонууга болот. Бирок юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге мөөрлөрдү даярдоодо бул символдун сүрөтүн колдонууга тыюу салынат - деп жазылат документте.

Которгон: Илгиз Жамалбеков