Кинематографияны өнүктүрүүгө багытталган улуттук кино комиссия түзүлөт

Кинематографияны өнүктүрүүгө багытталган улуттук кино комиссия түзүлөт

Казакстанда ата мекендик кинематографияны өнүктүрүүгө, тиешелүү кызматтардын сапатын жана чет элдик инвестициялардын агымын жогорулатууга көмөктөшкөн улуттук кино комиссия түзүлөт. Бул тууралуу Социалдык-маданий өнүгүү жана илим боюнча комитеттин мүчөсү Нуртөре Жүсип билдирди. Тиешелүү норма кинематография, маданият жана майрамдар маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда аныкталган.

Нуртөре Жүсип, Казакстан парламенти депутаты:

- Мыйзам долбоору балдарга арналган анимациялык фильмдердин, үй-бүлөлүк көрүүгө арналган тасмалардын категорияларында, чет өлкөлүк кино картиналардын милдеттүү түрдө дубляждоону жеңилдетет. Бул казак тилинин колдонуу алкагын кеңейтүүгө жана бардык аудитория үчүн фильмдердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган норма менен камсыз кылынат. Улуттук фильмдерди тартууга каражаттарды бөлүүнүн жаңы жолдору – тарыхый, патриоттук жана имидждик долбоорлордун 70, жеке кинодолбоорлордун 30 пайызы, анын ичинде дебюттук тасмалар бюджеттик каражаттарды коомдук маанидеги чыгармачылык долбоорлорду ишке ашырууга багыттоого өбөлгө түзөт.

Сенат депутатынын айтымында, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жалпысынан ата мекендик кинематографияны колдоо жана өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын эффективдүүлүгүн жогорулатуусу күтүлүүдө. Белгилей кетсек, Сенаттын депутаттары документти бир добуштан жактырышкан.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков