Берлинде «Паралимпиадачы» тасмасынын бет ачаары болду

Берлинде «Паралимпиадачы» тасмасынын бет ачаары болду

Берлинде Казакстандын кино күндөрүнүн алкагында «Паралимпиадачы»  тасмасынын европалык бет ачаары болду. Ата мекендик тасманын сюжети спортто чоң ийгиликтерге жетишүүнү кыялданган лыжачынын жашоосу жөнүндөбаяндалат. Бирок, кырсыктан улам башкы каарман карьерасын улантуу мүмкүнчүлүгүнөн толугу менен ажырайт. Ошентип, паралимпиадачылар менен жолугушуудан кийин анын жашоосу түп-тамырынан бери өзгөрөт. Спорт жанрындагы чыгарма көрүүчүнү аягына чейин кызыктырып турат. Анткени башкы каарман жашоосунда жолуккан бардык кыйынчылыктарды жеңеби же жокбу, кыялына жетеби, баары аягында белгилүү болот.

Маттиас Фоллерт, ГФРнын ТИМнин Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия департаментинин башчысы:

 - Кино мага таасир этти. Абдан жакты. Бул чоң максатты көздөгөн адам жөнүндө кайгылуу жана кызыктуу окуя. Бирок, көз ирмемде баары өзгөрүп, анын жашоосунда күтүлбөгөн мезгил башталды. Жаңы достору жардамга келип, ал өз максатына жете баштайт.

Марие-Кристине Кноп,  көрүүчү:

- Мен тасмадан таасирлендим. Авторлор чыңалган окуяны эмоция менен айкалыштырышкан, каармандар менен бирге биз да тынчсызданып отурдук. Бирде кубанып, бирде кайгырып жаттык. Мансап, үй-бүлө, достук. Мунун баары бар. Кино мага чоң таасир калтырды.

Көрсөтүүдөн кийин көрүүчүлөрдү сюрприз күтүп турган. Тасманын бет ачаарына атайын тартуу тобу келип, чет элдик көрүүчүлөр менен жолугушту. Анда чыгармачылык процесс, кирбей калган кадрлар, кыйынчылыктар тууралуу сөз болду.

Алдияр Байракымов,  «ПАРАЛИМПИАДАЧЫ» тасмасынын режиссёру:

- 2018-жылы Пхёнчханда өткөн Паралимпиадада алтын медаль утуп алган мекендешибиз Александра Колядиндин чыныгы окуясы мени таасирлентти. Элди шыктандыра турган кино тарткыбыз келди. Аны көргөндөн кийин жакшы иштерди жасоого каалоо пайда болот деп. Щучинскиде тасма тартканыбызда аябай суук болуп, декорациябызды катуу шамал учуруп кеткен. Аскар Ильясов жука көйнөкчөн туруптур. Бул спортчу лыжа тебүүгө гана арналган. Ал эми биз узак убакыт көп дубль тарттык. Баарыбыз аны жылытып жаттык. Андан сырткары көптөгөн актёрлорубуз лыжа тебе алышчу эмес. Олимпиада чемпионубуз Елена Хрусталева бир айдын ичинде баарын үйрөттү.

«Паралимпиадачы» тасмасынын дүйнөлүк бет ачаары башталды. Берлинге чейин бул картина Ташкентте көрүүчүлөргө тартууланган. Эми авторлор аны Франция менен АКШда көрсөтүүнү пландап жатышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков