Кезексиз президенттик шайлоо жетинин айынын 20да өтөт

Кезексиз президенттик шайлоо жетинин айынын 20да өтөт

Казакстан Республикасынын Президентин кезексиз шайлоо жетинин айынын 20да өтөт. Тиешелүү жарлыкка Касым-Жомарт Токаев кол койду. Бул тууралуу Акорда сайтында жарыяланды. Эскерте кетсек, мамлекет башчы кезексиз шайлоо аяк оона айынын 1де өтөөрүн элге кайрылуусунда билдирген. Ушул эле айдын 17де президенттин мандатын кайра шайлануу укугусуз 7 жылдык бир мөөнөт менен чектөө боюнча мыйзамга кол койгон.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Бул компания өлкөнүн бүтүндөй саясий системасын түп-тамырынан бери өзгөртө турган шайлоо мезгилин баштайт. Ошентип, экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө, элдин жыргалчылыгын жогорулатууга, турмуш-тиричилик сапатын жакшыртууга багытталган узак мөөнөттүү милдеттерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мамлекет башчысы шайлоо өнөктүгү мыйзам чегинде өтөөрүнө кепилдик берээрин билдирди. Касым-Жомарт Токаев мекендештерди жоопкерчиликке, тартипти сактоого, уюшкандыкка жана биримдикке чакырды. Буга кошумча, президент жакында коомчулукка өзүнүн шайлоо алдындагы программасын сунуштай турганын айтты. Ал  социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталат.

Президент Казакстан элине кайрылуу жолдоду

Мамлекет башчысынын Казакстан элине кайрылуусу да Акорда сайтында жарыяланды. Анда саясий реформаларга басым жасалды. Тактап айтканда, Мажилис жана Маслихаттар жаңы аралаш система боюнча түзүлөт. Депутаттардын бир бөлүгү партиялык тизме менен, калгандары бир мандаттуу округдан шайланат. Буга кошумча, алдыдагы үчтүн айынан тарта Конституциялык сот түзүлүп, иштей баштаарын белгилеп өттү. Мындан тышкары адам укуктары боюнча акыйкатчы институту конституциялык макамга ээ болду.