Казакстанда дарыгерлердин бедели өсүүдө

Казакстанда дарыгерлердин бедели өсүүдө

Казакстанда медициналык кесиптин кадыр-баркы өсүп жатат. Бүгүнкү күндө алардын айлыгы бир топ жогорулады. Мисалы, орточо айлыгы 420 миң теңге, орто медициналык кызматкерлердики 234 миң теңге. Бул тууралуу Алихан Смаилилов өкмөттүн бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, жалпысынан бул жаатта көрүлүп жаткан бардык чаралар медициналык тейлөөнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Алихан Смаилов, Казакстандын премьер-министри:

- Бул максатта саламаттыкты сактоо мекемелерин курууга, медициналык жабдууларды сатып алууга, азыркы кездеги технологияны ишке киргизүүгө, кадрларды даярдоого бир топ каражаттар жумшалууда. Бүгүнкү күндө магниттик-резонанстык жана компьютердик томография сыяктуу кымбат баалуу медициналык жабдыктар жеткиликтүү болду. Өткөн жылы Борбор Азия өлкөлөрүндө бейтаптарды радиохирургиялык дарылоо боюнча биринчи Гамма-бычак борбору ачылган.

Премьер-министр өз кезегинде калктан медициналык жардамдын көлөмү жана милдеттүү социалдык медициналык камсыздандыруу боюнча даттануулардан кабардар экенин айтып, Саламаттыкты сактоо министрлигине каржы министрлиги менен биргелешип, тармактын ишин жана каржылоону жакшыртуу максатында  үстүбүздөгү жылдын жетинин айынын 1не чейин сунуштарды даярдоону тапшырды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков