Сак дооруна таандык көрүстөн табылды

Сак дооруна таандык көрүстөн табылды

Караганды облусунун Осакаров районунда байыркы көрүстөн табылды. Бул акыркы ондогон жылдардагы биринчи баалуу тарыхый табылга. Байыркы мүрзө илимпоздор тарабынан пландуу талаа иштеринин жүрүшүндө аныкталган. Ал адистердин көңүлүн бурууда. Тигинен турган алп таш аял адамдар көмүлгөн күмбөздөргө орнотулган - дешет алар. Ошондой эле, андан коло күзгү жана тери калдыктары да табылган. Археологдор бул дөбө сак дооруна таандык болушу мүмкүн экенин  айтышууда.

Даурен Жүсипов, Тарыхый-чөлкөм таануу музейинин бөлүм башчысы:

- Биздин заманга чейинки VII-V кылымдарга таандык деп жатабыз. Бул сактардын алгачкы доору. Адамдын сөөгү анатомиялык жактан жакшы сакталган. Демек, көмүртектүү талдоонун жардамы менен көптөгөн маалыматтарды аныктоого болот - деген сөз.

Түлкибай Төлеуов, Облустук тарыхый-маданий мурасты сактоо борборунун башчысы:

- Сак менен түрк доорундагы күмбөз жанаша болушу муундардын уландысы, казактардын биринин артынан бири уланып келе жаткан тарыхы - дешет. Дал ушуну далилдеп турат. Бирок бул биринчи талаа визуалдык табылгалары. Калганын толук изилдеп, башка дөбөлөр менен салыштыргандан кийин так жыйынтык чыгат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков