Павлодардагы дарбыз фестивалы

Павлодардагы дарбыз фестивалы

Павлодарда дарбыз фестивалы өттү. Быйылкы жылы жергиликтүү дыйкандар мол түшүм алышты. Ар бир гектардан 400 центнерге чейин түшүм жыйнашты. Облустун дыйкандары эки миң гектар жерге дарбыздын ар кандай түрүн эгишкен.

Абзал Балгабаев, Аккулы районунун акими:

- Буга чейин жазында эгип, жамгыр жаап, ошол жаандан кийин түшүм алганбыз. Азыр тамчылатып сугаруунун аркасында дыйкандарыбыз өнүмдөрүн эртерээк алып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Облус борборунун жашоочулары түшүмдүн даамын эрте татып көрүштү. Мындан тышкары, алар өнүмдөрүн республикага сатып жатышат.

Кайрат Шапуов, фермер:

- Биз эксклюзивдүү сортторду өстүрөбүз. Сары, токсары, жашыл түстүү дарбыздар да бар. Эки сортту өзүбүз чыгарганбыз. Бүгүнкү күндө суроо-талап жогору. Биздин өнүмдөрүбүз экологиялык жактан таза. Эч кандай химиялык заттарды колдонбойбуз.

Аймакта жыл сайын дарбыз фестивалы уюштурулат. Быйыл бул иш-чарага миңге жакын адам чогулду. Келгендерге беш тоннага жакын дарбыз сунушталды. Экзотикалык сорттун даамын татып көргөндөрдүн арасында чет элдиктер да бар.

Амили Рен,  АКШ:

- Дарбыз фестивалына биринчи жолу келишим. Иш-чара жакты. Кубанычымда чек жок. Айрыкча сары дарбыз жакты. Даамы таттуу. Мен мындай жемишти мурда көргөн эмесмин.

Павлодар дарбыздары өлкөдө гана эмес, коңшу мамлекеттерде да популярдуу. Болжол менен быйыл 80 миң тонна өндүрүлөт. Анын 30 пайызы Орусияга жөнөтүлөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков