«Отбасы банкы» пенсиянын бир бөлүгүн алууга арыз кабыл алган сайтты жарыялады

Казакстандыктар эртеңден баштап, өздүк пенсия топтомдорунун бир бөлүгүн чечип алуу үчүн арыздарын «Отбасы-банкынын» атайын онлайн платформасында бере алышат. Сайт enpf-otbasy.kz деп аталат. Бул тууралуу Борбордук коммуникация кызматында өткөн брифингде «Отбасы Банк» АК башкармалыгынын төрайымы Ляззат Ибрагимова билдирди. Төрайым аталган кызмат толук кандуу иштеп жаткандыгын, кечээ редакциялык өзгөртүүлөр киргизилгендигин белгиледи.

ЛЯЗЗАТ ИБРАГИМОВА, «ОТБАСЫ БАНКЫ» АК БАШКАРМА ТӨРАГАСЫ:

 - Сайт enpf-otbasy.kz деп аталат. Бул Бирдиктүү топтоочу пенсиялык фонддун жана биздин биргелешкен масштабдуу ишибиз. 2020-жылдан бери аталган масштабдуу ишти биргелешип аткарып келе жатабыз. Ошондуктан, сайттын аталышында эки органдын тең атын киргизүүнү туура деп чечтик. Азыр ага кирсеңиз, үчтүн айынын 23ү саат 09.00дө иштей баштайт деп жазылып турат.

Пенсиянын бир бөлүгүн алуу тартибине токтолгон төрага, дагы бир маанилүү эреже - тууган адамдар бири-биринен үй сатып алалбай турганын кошумчалады.

ЛЯЗЗАТ ИБРАГИМОВА, «ОТБАСЫ БАНКЫ» АК БАШКАРМА ТӨРАГАСЫ:

 - Эң башкысы, операциянын бардыгы накталай акчасыз жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Алдамчылык келишимдерин жана акчаны адалдоону алдын алуу максатында, туугандардын ортосунда келишимдерге тыюу салынат. Башкача айтканда, мен бир туугандарымдан, эжелеримден, чоң ата же чоң энелеримден үй же батир сатып ала албайм. Ушундайча эрежелерде толук механизм жазылган.

Ал эми пенсиянын бир бөлүгүн дарыланууга жумшоо талаптары үчтүн айынын аягында жарыяланат деп күтүлүүдө. Учурда бул маселе мамлекеттик органдар тарабынан талкууланып жатат.