Венада казакстандык жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Венада казакстандык жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Австриянын Вена шаарында Казакстандын жаш сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Ага сынактын жеңүүчүлөрү тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо темаларында жаралган эмгектер коюлду. Казакстандын Австриядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган көргөзмөгө Бириккен Улуттар Уюмунун жана Вена мэриясынын өкүлдөрү келишти. Иш-чара балдардын жаратылышка, жаныбарларга болгон сүйүүсүн арттырууга багытталган. Катышуучулар сүрөт тартуу менен эле чектелбестен, аталган тема боюнча дил баяндарды жазышып, видео кайрылууларды жасашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков