Президент Самаркандда ШКУ башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты

Президент Самаркандда ШКУ башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты

Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандын Самарканд шаарында иш сапары менен жүрөт. Бүгүн мамлекет башчы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат. Бейшемби күнү ал уюмга мүчө мамлекеттердин президенттери менен бирге "Жибек жолу" туристтик борборундагы көчөт отургузуу аземинде болду. Андан соң мамлекет башчылары бейформал жолугушуу өткөрүп, Самарканддагы “Түбөлүк шаар” комплекси менен таанышып, көргөзмөлөрдү жана чыгыш базарын кыдырышты. Белгилей кетсек, быйылкы саммитке 15 өлкөнүн президенттери келишкен. Анын корутундусунун негизинде, Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынаары күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков