Диндер курултайына катышуучулар иш-чараны жогору баалашты

Диндер курултайына катышуучулар иш-чараны жогору баалашты

Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин 7-курултайынын катышуучулары иш-чарага жогору баа беришти. Алардын баамында, Казакстан мындай иш-чараны жыйырма жылдан бери уюштуруп, ошону менен дүйнөдөгү тынчтыкты сактоого эбегейсиз салым кошуп келет. Келээрки милдет – анда айтылган жана кабыл алынган декларациянын негизинде жалпы кызыкчылык үчүн иштөө. Белгилей кетсек, өлкөнүн борборунда аяктаган дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайына 50дөн ашык мамлекеттен 100гө жакын дин өкүлдөрү келишкен. Бул глобалдык пандемиядан кийинки эң масштабдуу иш-чара болду.

Рудакша Сакрибар,   Сомайя Видьявихар университетинин конфессия аралык мамилелер жана өз ара түшүнүүчүлүк боюнча программасынын катчысы,  Индия:

- Бул менин Казакстанга экинчи сапарым. Ушундай масштабдуу иш-чарага катышканыма кубанычтамын. Бул жерде көп адамдар менен жакындашып, дос таптым десем болот. Жалпысынан, курултайдын ишин жогору баалайм. Анткени жумушчу топко кирдим, катчылыкка, эки күндүк курултайга да катыштым. Ошондуктан, муну ишенич менен айта алам.

Ли Гуанфу, Кытай  даосизм бирикмесинин башчысы:

- Курултайда абдан орчундуу маселелер козголду. Анын ичинде зордук-зомбулукка жана терроризмге каршы айтылган бардык идеяларды колдойм. Бүгүнкү күндө адамзат бул жамандык менен күрөшүп келет. Дүйнөдө сабырдуулук, тынчтык, эркиндик орнойт - деп терең ишенем. Ушул жерден курултайдын өз деңгээлинде өтүшү үчүн президентиңиздердин ролу чоң экенин баса белгилегим келет.

Фуджие Масанори,  «Shinto Shrines» ассоциациясынын аткаруучу директору, Жапония:

- Курултайдын иши жемиштүү болду. Дүйнөдө түрдүү диндердин бар экени толеранттуулуктун бар экенин көрсөттү. Бардыгынын ортосундагы кызматташтык жана достук мүмкүн экенин далилдеди. Бул менин Казакстанга биринчи сапарым. Азыркы учурда мамлекетиңиздердин темпин көрүп жатам жана ушул калыптан жазбасын дегим келет.

 

 Которгон: Илгиз Жамалбеков