Дин лидерлеринин VII курултайынын декларациясы БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын расмий документи катары таратылат

Дин лидерлеринин VII курултайынын декларациясы БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын расмий документи катары таратылат

Нур-Султанда дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайына ишин аяктады. Иш-чара декларацияны кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Президент Касым-Жомарт Токаев аталган документ абдан маанилүү экенин, эл аралык уюмдар жана саясатчылар аны жол көрсөтүүчү жана курал катары колдоно алаарын айтты. “Кийинки милдетибиз – ушул декларациянын идеяларын ырааттуу жайылтуу”, - деди мамлекет башчысы. Ошондой эле, ал 2023-жылдан 2033-жылга чейин Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууну сунуштады.

Касым-Жомарт Токаев,  Казакстан Республикасынын президенти:

- Мен 2023-жылдан 2033-жылга чейин Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу зарыл деп эсептейм. Бул концепция биздин форумдун таасирин мындан ары да бекемдөө үчүн конкреттүү кадамдарды жана этаптарды камтышы керек. Биздин миссия – цивилизациялар ортосундагы ачык диалогду камсыз кылуу жана өнүктүрүү, тынчтыкты, туруктуулукту камсыздоо. Сиздерге дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, тынчтык, кызматташтык жана туруктуулук үчүн биргелешип иштөөгө чакырам.

Белгилей кетсек, кабыл алынган декларация БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын расмий документи катары таратылат. Бул тууралуу документти коомчулукка тааныштырган Англия чиркөөсүнүн атайын өкүлү билдирди. Джо Бэйли Уэллстин айтымында, конгресстин өкүлдөрүнүн катышуусунда ишке ашырылган декларация бүткүл дүйнө жүзү боюнча бийликке, саясий лидерлерге, диний ишмерлерге, тиешелүү аймактык жана эл аралык уюмдарга, жарандык коом институттарына, диний бирикмелерге жана бардык өлкөлөрдүн алдыңкы талдоочуларына сунушталат.

Джо Бэйли Уэллс, Англия чиркөөсүнүн атайын өкүлү:

- Курултайды мыкты уюштургандыгы үчүн Казакстан Республикасына, жана казак элине мээримдүүлүгү жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайынын ишин улантууга жамааттык кызыктар экенибизди жана кийинки VIII курултайды 2025-жылы өлкөнүн борбору Нур-Султан шаарында өткөрүү ниетибизди ырастайбыз.

Белгилей кетсек, эки күнгө созулган диндердин эл аралык курултайында терроризм, экстремизм, билим берүү жана социалдык темалар менен катар тарыхта биринчи жолу аялдардын коомдогу орду талкууланды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков