Казакстан борборунда дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин VII курултайы өтүүдө

Казакстан борборунда дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин VII курултайы өтүүдө

Нур-Султан шаарында Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин 7-курултайы  ишин улантууда. Экинчи күнү талкууланган темалар да адамзат үчүн абдан актуалдуу. Конгресстин катышуучулары азыркы дүйнөдө руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөдө диндин ролун, диний лидерлердин жана мамлекеттик ишмерлердин дүйнөлүк диндер аралык диалогду жана тынчтыкты илгерилетүүдөгү салымын, экстремизмге, радикализмге, терроризмге каршы күрөшүүгө жана аялдардын учурдагы коомдун жыргалчылыгы менен туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымын талкуулайт. Эске сала кетсек, эл аралык форумга дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 100дөн ашык делегация катышууда. Кошумчалай кетсек, бүгүн Эгемендүүлүк сарайында курултайдын жабылыш аземи болот. Эске салсак, буга чейин 2003, 2006, 2009, 2012, 2015 жана 2018-жылдары диний лидерлердин курултайлары өткөн. Быйылкы жыйын жетинчи жолу өтүп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков