Казакстандык педагогдор чет өлкөлөрдө тажрыйбадан өтүшөт

Казакстандык педагогдор чет өлкөлөрдө тажрыйбадан өтүшөт

Казакстандык мугалимдер алдыңкы чет өлкөлүк окуу жайларында өндүрүштүк тажрыйбадан өтүшөт. Атап айтканда, жаңы окуу жылында алматылык 50 педагог Финляндия менен Эстонияга жиберилет. Бул тууралуу ата мекендик жана чет элдик талдоочулардын катышуусунда өткөн билим берүү форумунда айтылды. Кошумчалай кетсек, 2023-жылдан тарта инклюзивдик билим берүү боюнча мугалимдерди даярдоого атайын программа ишке кирет. Ага колледждердин мугалимдери да катышышат. Ошондой эле, кесиптик жана техникалык билим берүүчү мекемелерде дуалдык билим берүү системасына артыкчылык берилет.

Марат Габдуллин, Алматы полиграфиялык колледжинин өндүрүштүк окутуу чебери:

- Башкача айтканда, 40 пайызы лекция, калган 60 пайызы тажрыйба болушу керек. Балдарды жумушка кире электе кайда жана кантип иштөө керектигин үйрөтүү. Андан кийин эки эселенген тажрыйба топтоо.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков