Арменияда аза күтүү күнү жарыяланды

Арменияда аза күтүү күнү жарыяланды

Арменияда Сурмалу базарында каза болгондордун элесине аза күтүү күнү жарыяланды. Тиешелүү чечим өкмөттүн сайтында орун алган. Эскерте кетсек, Еревандагы каргашалуу окуя тууралуу биринчи маалымат баш оона айынын 14дө белгилүү болгон. Адистердин айтымында, өрт пиротехникалык буюмдар сакталган кампадагы жарылуудан келип чыккан. Учурда кылмыш иши козголду. Акыркы маалыматтар боюнча, окуянын кесепетинен 16 адам каза болуп, 62 киши жаракат алган. Эки адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, куткаруу иштери улантылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков