Жаңы окуу жылындагы жаңычылдыктар

Жаңы окуу жылындагы жаңычылдыктар

«Башка тилди үйрөн, бирок өз тилиңди урматта»! Мындан ары казак мектептеринин босогосун аттаган окуучу өз эне тилинде гана билим алат. Орус тили экинчи класстан баштап сабак катары кошулат. Ал эми орус тилдүү мектептерде 1-класста кош тилдүүлүк окутулат. Англис тили бардык мектептерде үчүнчү класстан баштап киргизилет. Бул алдыдагы окуу жылынын программасына киргизилген жаңычылдыктардын бири.

Асхат Аймагамбетов, Казакстандын окуу-агартуу министри:

- Атайын изилдөөлөрдүн жана экспертизанын жыйынтыгы боюнча, биринчи класстын окуучулары үчүн бир эле учурда үч тилди үйрөнүүнүн натыйжалуулугу төмөн экени аныкталган. Буга байланыштуу биз чечим кабыл алдык. Экинчи жана үчүнчү тилдерди жакшы өздөштүрүү үчүн бала адегенде эне тилинде окуганды жана жазганды үйрөнүүгө тийиш.

Буга кошумча, 1-класстан тартып эмгек жана көркөм сүрөт сабактары киргизилет. Музыка сабагынын алкагында 6-класстын окуучулары домбра черткенди үйрөнүп, шахмат боюнча факультативдик курска катыша алышат. Билимдүү, энергиялуу окуучуларды тарбиялап жаткан мугалимдердин да ага жараша жогорку квалификациясы болгону жакшы. Быйыл билим берүү уюмдарынын жетекчилерин ротациялоо институту ишке кирди. Ошондой эле мектепке мугалимдерди кабыл алуунун жаңы эрежелери бекитилди.

Асхат Аймагамбетов, Казакстандын окуу-агартуу министри:

- Мындан тышкары, жалпы республикалык квалификациялык тестирлөө аркылуу мугалимдерди ишке алуу тартиби кабыл алынды. Башкача айтканда, азыр алар педагогикалык билими тууралуу дипломдон тышкары өз предмети боюнча атайын сынактан өтүп, ал үчүн аттестат алгандан кийин гана мектепке ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Министр окуу жылын бугу айынын 31не чейин узартуу чечими боюнча пикирин билдирип, бир катар татаал маселелерди чечүүгө алып келээрин белгиледи. Маселен, 3,6 миллион баланын окуу жүктөмү азайды. 1,5 миллионго жакын окуучу жана 150 миңдей мугалим,  кошумча 36 эс алуу күнү пайда болот. 100гө жакын мектептеги 300 миң бала эми үчүнчү эмес, экинчи нөөмөттө окуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков