“Бактылуу бала” сынагынын жеңүүчүсү Балдар Евровидениесине барат

“Бактылуу бала” сынагынын жеңүүчүсү Балдар Евровидениесине барат

Балдардын Eurovision сынагында Казакстандын атынан алматылык Давид Чарлин өнөр көрсөтөт. Талапкер Актөбө шаарында өткөн "Бактылуу бала-2022" сынагында аныкталган. Тандоо этабына 200дөн ашык өнөрпоз арыз берген. Алардын 21и финалга өтүп, чеберчиликтерин сынап көрүштү. Сынакка Орусия, Армения, Өзбекстан, Түркия, Испания, Болгария жана Румыниянын артисттери да катышты.

Давид Чарлин, «Бактылуу бала-2022» сынагынын катышуучусу:

- Эл аралык сынакта Казакстандын атынан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жеңип алганыма абдан кубанычтамын.

Жан Муканов, музыкалык продюсер:

- Быйыл “Балдар Евровидениесинин” улуттук этабы дал ушул “Бактылуу бала” долбоору менен башталат. Давид кийинки сыноодон өтүп, байгеге ээ болооруна ишенем.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков